Материалдар: 1
Майлуу-Суу шаарындагы электр лампа заводу чоң өзгөрүүнүн алдында турат. Ишкана көмүр лампаларын чыгаруудан баш тартып, жарык диоддук продукцияга жана айнек идиштерге өтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Kaktus.media басылмасынын кабарчысы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана заводдун жетекчилиги менен болгон маегинде билди.