Материалдар: 1
Президент Садыр Жапаров 2-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарында Бакай-Ата, Талас райондорунун жана Талас шаарынын 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.