Материалдар: 1
"Тарых инсаны" рубрикасынын кезектеги каарманы — Улуу Ата Мекендик согушта дайынсыз жоголгон деп эсептелген Мамет Жолдошов. Анын өмүр жолу тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлигинин "Скорпион" атайын багыттагы отрядынын аскер кызматкери Алтынбек Алымкулов айтып берди. Ал чоң атасынын фронттогу кызмат өтөөсү жана үй-бүлөсүнүн согуш окуяларына катышуусу тууралуу маалыматтарды издөө тууралуу сүйлөп берди.