Материалдар: 1
Ош шаарында Ак-Буура–Араван каналына кулап түшкөн 27 жаштагы эркек кишини табуу боюнча издөө-куткаруу иштери улантылып жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, издөө иштерине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жоголгон адамдын жакындары тартылган.