"Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес — ачык диалог" форумунда сүйлөгөн Медербек Сатыев капиталдын жеке менчик мүлкүнүн коопсуздугу жана соттук чечимдердин алдын ала айтылуучулугу камсыздалган өлкөлөргө келерин белгиледи.
Жогорку соттун төрагасынын пикири боюнча, көз карандысыз жана натыйжалуу сот бийлиги мамлекеттин туруктуу экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуучу негизги институттардын бири болуп саналат.
Өлкөнү тандап жатканда, инвестор салык жеңилдиктерине гана эмес, ал үчүн эң башкысы: талаш-тартыш учурунда мамлекет көз карандысыз жана бейтарап сот жүрүшүн камсыз кыла алабы деген суроого жооп издейт.
Соттук бийлик жергиликтүү же чет элдик, ири же чакан болсун, ар бир инвестордун мыйзамдуу укуктарын коргоого тийиш. Сот кайсы бир мамлекеттик органдын же компаниянын кызыкчылыгын эмес, бир гана мыйзамдын негизинде чечим чыгарат.
Инвестициялык климаттын жагымдуу болушу үчүн укуктук тактык, соттук бийликтин көз карандысыздыгы, мыйзам алдында теңдик жана жеке менчик мүлккө кол тийгизбестик зарыл деп баса белгиленди.
Учурда Жогорку сот инвесторлордун жана жеке менчик мүлктүн укуктарын коргоону күчөтүү боюнча 2026–2030-жылдарга карата иш-аракеттердин долбоордук планын даярдап жатат. Бул документ инвестициялык талаш-тартыштар боюнча соттук практиканы системалаштырууну жана атайын чараларды камтыйт.













