27-ноябрда «Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес: ачык диалог» форуму ачылып, анда экономиканын ар кандай тармактарынын өкүлдөрү катышты. Иш-чарада энергетикадан баштап электрондук коммерцияга чейинки багыттар камтылды.
Форумга Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев, Башкы прокуратуранын, тармактык министрликтердин, салык жана бажы кызматтарынын, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Адылбек Касымалиев Президенттин максаттарын эске салып, чет өлкөлүк түз инвестициялардын көлөмүн жылына кеминде 20 пайызга көбөйтүү зарыл экенин белгиледи.
Инвестор үчүн капиталдын коопсуздугу, жеке менчиктин кол тийбестиги, келишимдик милдеттенмелердин аткарылышы жана сот аркылуу адилеттүү корголуу — эң башкы шарттар болуп саналат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын айтымында, инвестор кайсы мамлекеттик органга кайрылбасын, ал жерден ыкчам жана кесипкөй мамилени көрүшү керек.










