Жогорку Кенештин депутаттары Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо боюнча агенттиктин (АРИС) ишине болгон нааразычылыктарын билдиришти. Парламентарийлер ишке ашырылып жаткан долбоорлордун сапаты, каражаттардын бөлүштүрүлүшү жана тендердик процесстердин ачыктыгына шек келтирди. Бул маселелер эл аралык иштер боюнча парламенттик комитеттин жыйынында талкууланды.
Талкуунун себеби катары АРИС катыша турган коомчулук демилгелери боюнча улуттук долбоорду кошумча каржылоо маселеси коюлду.
Сиздер АРИС менен биздин кандай мамилебиз бар экенин билесиздер. Канчалык ишке ашпаган, айтсак, «иштелген» долбоорлор бар. Өзгөчө региондордо, айыл жерлеринде адамдар АРИС деген эмне экенин жакшы билишет.
Депутат Гуля Кожокулова региондордо агенттиктин долбоорлорунун сапатына карата көптөгөн доозмулар топтолуп калганын белгиледи. Ошондой эле, бир эле адистер бир эле учурда бир нече эл аралык долбоорлорду жетектеп жүргөнүнө көңүл бурду. Ал кредиттик каражаттарды келечекте кайтарып берүү керектигин эске алып, акчаны жумшоого кылдат мамиле кылуу зарыл экенин айтты.
Мындан тышкары, депутат долбоор боюнча берилген финансылык документтерде карама-каршылыктар бар экенин көрсөттү. Анын айтымында, негизделген маалымкаттагы жана макулдашуунун тиркемелериндеги кээ бир чыгымдар ар башка көрсөтүлгөн.
Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи орун басары Чоро Сейитов бул маселе боюнча түшүндүрмө берди. Анын айтымында, сөз бир эле 20 миллион доллар жөнүндө болуп жатат.











