Кабыл алынган мыйзам долбоору Граждандык процессуалдык кодекске, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске жана медиация жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Максаты — улуттук мыйзамдарды Сингапур конвенциясы сыяктуу эл аралык нормаларга ылайыкташтыруу.
Мыйзам долбоору Сингапур конвенциясына ылайык эл аралык медиациялык макулдашууларды таануу жана аткаруу үчүн укуктук механизмдерди түзүүгө багытталган.
Мыйзам долбоору Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген. Ал биринчи окууда 1-октябрда кабыл алынган болчу, андан кийин депутаттардын жазуу жүзүндөгү сунуштарынын көпчүлүгү эске алынып, документке өзгөртүүлөр киргизилди.
Сот-укуктук маселелер боюнча комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков билдиргендей, биринчи окуудан кийин депутаттар Сүйүнбек Өмүрзаков менен Дастан Бекешевдин сунуштарынын негизинде долбоорго оңдоолор киргизилген.



















