АКШнын коргоо министри Пит Хегсет социалдык тармактагы баракчасында 30 жаштан жогорудагыларга тестостерон деңгээлин текшерүү милдеттүү тестирлөөнүн бир бөлүгү болот деп билдирди.

Министрдин айтымында, мындан максат — аскерлердин өз ден соолугуна эрте көз салып, эң жакшы натыйжаларды көрсөтүүсүнө шарт түзүү.

Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, жаш өтүү менен организмдеги тестостерондун деңгээли кемийт. Жылдык скринингдин жардамы менен бул коркунучтар эрте аныкталып, зарыл дары-дармектер сунушталат.

Тестостерон жетишсиздиги табылган аскерлери дарыгерлердин сунушуна ылайык гормондук заместителдик дарылоону каалашса гана башташат.

Речь идет не об искусственном улучшении, а о восстановлении и оптимизации ваших естественных возможностей, защите вашего долголетия и обеспечении необходимой биологической основы для поддержания боеспособности.
Пит Хегсет, АКШ коргоо министри