Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 6-ноябрда Астанада өтө турган жасалма интеллекттин коопсуздугуна арналган «Акаб процесси» саммитине катышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Саммит Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Иордания Хашимит Королдугунун падышасы Абдалла II тарабынан демилгеленген.
Жолугушууда жасалма интеллекттин өнүгүшүнө жана колдонулушуна байланыштуу эл аралык жана регионалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери талкууланат. Атап айтканда, катышуучулар жасалма интеллектти терроризм жана экстремизм максатында колдонуу маселелерин, ошондой эле заманбап коркунучтарга каршы эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнү карашат.

























