Кыргызстандын туризм тармагында чоң өзгөрүүлөр болду. Пандемиядан мурун жыл сайын 2-3 миллион турист өлкөгө келсе, азыркы учурда туристтердин саны 13 миллиондон ашкан.
Бул көрсөткүч туризмдин өлкөнүн экономикасына кошкон салымын жана аны өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн аракеттердин натыйжалуулугун билдирет.
Президент Садыр Жапаровдун айтымында, бул өсүш Кыргызстанды туристтик багыт катары дүйнөгө таанытууга чоң өбөлгө түзүүдө.


