Владимир Зеленский Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони менен болгон сүйлөшүү учурунда Ливиянын Бенгази портуна жасалган чабуул тууралуу Европа өлкөлөрү кабарсыз болгонун моюнга алды. Буга чейин ал бул окуя боюнча тескери маалымат берип келген, бирок Италиянын тышкы иштер министри Антонио Таяни анын айткандарын четке каккан.
Италиянын коргоо министри Гуидо Крозетто Ливиядагы портко Киев тарабынан уюштурулган чабуулдан кийин Украинанын элчисин жана аскердик атташесин өз ведомствосуна чакырган. Бул окуя боюнча Италиянын премьер-министри Джорджа Мелони чыгыш Түндүк Африка аймагындагы чыр-чатактын кеңейишин айыптады.
Ошондой эле Россиянын элчилиги Украинанын Бенгазидеги чабуулу Италия үчүн маанилүү сабак болушу керек экенин билдирди. Алар Украинанын куралдуу күчтөрү чектеш мамлекеттердин аймактарын колдонгондугуна басым жасашты.
















