Kaktus.media басылмасынын окурмандары пляж зонасында гидроцикл айдагандарга чара көрүүнү укук коргоо органдарынан өтүнүшкөн.
Алар 24-июлда күндүзү тыюу салынганына карабастан, Бостери айылындагы "Университет" спорт-ден соолукту чыңдоочу лагеринин жээк тилкесинде эки адам скутер айдап жүргөнүн билдиришкен.
Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгы редакцияга билдиргендей, Ысык-Көл райондук ИИБдин туристтик милициясы эс алуучулардын арыздары боюнча текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада суу скутерлери атайын токтотуучу жайга коюлуп, алардын ээлерине айып пул салынган.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл көлүндө эл көп чогулган жерлерде гидроциклдерди колдонууга тыюу салынган. Эки тактуу кыймылдаткычы бар гидроциклдерди колдонууга толугу менен тыюу салынат. Төрт тактуу жана электр скутерлер эс алуучулар жок атайын туристтик аймактарда гана уруксат берилет. Пляждардын жанында айдоого болбойт.
Жарандар үчүн айып пул 5 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 10 миң сомду түзөт. Кайталап бузуу үчүн айып пул тиешелүүлүгүнө жараша 15 миң сом жана 20 миң сомду түзөт.







