Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 15 жаштагы өспүрүм сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Милициядан алынган маалыматка караганда, кырсык тууралуу 12-июлда маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөп, каза болгондун 15 жаштагы өспүрүм экени такталган.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө. Облустук ИИБ жарандарды суу жээгиндеги коопсуздук эрежелерин так сактоого жана өзгөчө өспүрүмдөрдү кароосуз калтырбоого чакырууда.











