WB Taxi такси кызматы жаңы «Инфаркт» тарифин сунуштады. Бирок бир катар колдонуучулар бул тариф менен поездка үчүн төлөнчү сумма нормадан ашып кеткенин билдирүүдө.
Мисалы, бир колдонуучунун жол киреси 232 сом болсо, анын картасынан 23 200 сом алынып кеткен. Поездка токтотулган соң, колдонмо анын 232 сом гана кайтарыла турганын билдирген.
Ошол эле учурда, колдонуучулар кардарларды колдоо кызматына кайрылганда жооп ала албай жатышат. Башкалар да ушундай эле көйгөйлөргө кабылып, мисалы, 12 527 сом алуусу аракет кылышкан, бирок картадагы каражат жетишсиз болгондуктан операция токтотулган.
Учурда WB Taxi бул маселеге расмий комментарий бере элек. Көптөгөн колдонучулар акчаларын кайтарууда көйгөйлөргө туш болуп, абалды ойлонуп, өз каржысына этият карай беришин сунуштап жатышат.











