Владимир Путин дүйнөлүк системанын адилеттүү болушуна Батыштын жаңы колониалдык максаттары тоскоолдук кылып жатканын белгиледи. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан булагы билдирди.
Президенттин айтымында, мурунку метрополия мамлекеттер Азия, Африка жана Латин Америкасы өлкөлөрүнүн экономикасын көзөмөлдөөгө жана алардын ички иштерине киришип, өзүнүн таасирин сактап калууга аракет кылууну улантууда.
Ошондой эле, Россия тарабынан жаңы колониалдык саясаттын бардык түрлөрүнө, анын ичинде күч колдонуу жана санкциялык кысым көрсөтүүгө так тыюу салынганы айтылды.
Путин эл аралык мамилелерде жалпыга белгилүү болгон укуктук ченемдер, бири-бириндын мыйзамдуу кызыкчылыктарын сыйлоо жана өз ара пайдалуу болуу принциби негиз болушу керектигин баса белгиледи.












