Верховный соттун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы 2026-жылдын 1-июнунда Чүй токой чарбасынын мурдагы директору И.И.Т.га карата актоо өкүмүн өзгөрүүсүз калтырды. Бул тууралуу Turmush басылмасы соттук актылардын мамлекеттик реестриндеги материалдарга таянып билдирди.
И.И.Т. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кызматтык шалаакылыкка айыпталган. Төмөнкү соттор аны кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу актап, реабилитация укугун тааныган.
Прокуратура актоо өкүмүн жокко чыгарууну талап кылып, кассациялык арыз менен кайрылган. Бирок Верховный сот аны четке какты.
Айыптоонун маңызы
Тергөөнүн версиясы боюнча, И.И.Т. 2021-жылдын январынан тарта Чүй токой чарбасынын директору кызматын ээлеп, токойлордун абалын, пайдаланылышын жана корголушун көзөмөлдөөгө милдеттүү кызмат адам болгон. Ал өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбай, мамлекеттин кызыкчылыгына олуттуу зыян келтирген деп айыпталган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2021-жылы директор үч жеке жакка токой фондунун участокторун 49 жылга узак мөөнөткө пайдаланууга берүү тууралуу буйруктарга кол койгон. Жалпы аянты 11,4 гектарды түзгөн бул участоктор балык чарбасын жүргүзүү үчүн берилген.
Ижарачылар Токой кодексинде каралган милдеттүү токой түзүү иштерин жүргүзбөстөн, участоктордо жасалма суу сактагычтарды уюштурушкан. Токой чарба кызматынын эсеби боюнча, токой жоготуулары жана алынбаган пайда 11 миллион 247 миң 192 сомду түзүп, өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян катары бааланган.
Иштин негизги көрсөткүчтөрү
Соттор айыптоонун далилдерин жетишсиз деп таап, кылмыш курамы жоктугун белгилешти. Натыйжада И.И.Т. боюнча актоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди.


















