Үзгүн районунун Мырза-Аке айыл аймагында кооптуу абалда турган 120 электр тилкеси жаңыларын менен алмаштырылды. Бул тууралуу Мырза-Аке айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Кышкы мезгилге даярдык көрүү иштери жылдын башынан бери жүрүп келет. Учурда эскирген жана авариялык абалга түшкөн электр тилкелерин алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

2 млн сом бюджеттен бөлүндү

Электр тилкелерин алмаштыруу иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүндү.

120алмаштырылды
821алмаштырууну талап кылат
Кооптуу электр тилкелерин этап-этабы менен алмаштыруу, ошондой эле аларды генералдык планга ылайык жана коопсуздук талаптарын эске алуу менен ички көчөлөрдүн боюна которуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.
Мырза-Аке айыл өкмөтү