Кыргызстанда саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган кызматкерлердин иштөө эрежелери өзгөрдү. Бул боюнча Президент Садыр Жапаров жаңы жарлыкка кол койду. Жаңы документке ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер белгилүү шарттарды сактаган учурда кошумча акы төлөнүүчү иштер менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Документте чиновниктерге өзүнүн кесиптик чөйрөсүндө билим берүү, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер менен алектенүүгө жана андан кошумча сый акы алууга уруксат берилет. Бирок, бул үчүн кызматкерди кызматка дайындаган адамдын макулдашуусу талап кылынат.
Кошумча иш негизги кызматтык милдеттерди аткаруунун сапатына жана көлөмүнө таасир этпеши керек, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусун жаратпашы зарыл.
- Саламаттыкты сактоо
- Билим берүү
- Каражатсыз жардам берүү (благотворительность)
- Волонтердук иштер
Ошондой эле кызматкерлердин коомдук бирикмелердин курамында коомдук пайдалуу иштер менен алектенүү укугу бекемделди. Бул, атап айтканда, жогоруда аталган тармактарда иштеген уюмдарды камтыйт.
Жарлыктын дагы бир маанилүү өзгөрүүсү эмгек өргүүлөрүнө тиешелүү. Эми кызматкердин макулдугусуз аны өргүүдөн мөөнөтүнөн мурда чакырып алууга болбойт. Макулдукту телефон аркылуу, санариптик байланыш каражаттары же башка жолдор менен алууга болот.
Мындан тышкары, кызматкерлердин укуктарынын тизмесине чечимдерди кабыл алууга, ошондой эле аларды даярдоого жана кароого катышуу мүмкүнчүлүгү кошулду.











