Кыргыз фондуналык биржасынын маалыматы боюнча, «О!Банк» АКБнын директорлор кеңеши жаңы кадрдык өзгөрүүсүн жарыялады. Ерлан Егембердиев банктын башкаруучу директору жана башкармалыктын мүчөсү болуп дайындалды.

Банктын билдирүүсүндө башка мүчөлөрдүн ыйгарым укуктарынын токтотулушу же Ерлан Егембердиевдин банктын уставдык капиталындагы үлүшү жөнүндө маалымат берилген эмес.