Россиянын Борбордук банкы Bitcoin, Ethereum жана Tether USDT криптовалюталарын биржа аркылуу эркин соодага кошууну сунуш кылган жобо долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Долбоордун негизги максаты — квалификациясыз инвесторлорду криптовалюталардын наркынын тез өзгөрүшүнөн сактоо. Мындай инвесторлорго эң ликвиддүү деп таанылган бул үч криптовалютаны гана соодалоого уруксат берилет.

Bitcoin, Ethereum жана Tether USDT тандап алынганынын себеби — алардын базардагы капитализациясы, күнүмдүк соода көлөмү жана беш жылдан ашуун тажрыйбасы болуп саналат.

Борбордук банк билдиргендей, квалификациялуу инвесторлор биржа жана биржа сырты рыногунда сатылып жаткан бардык криптовалюталарды чек жок сатып ала алышат.

Ар бир инвестор алгач тесттен өтүп, криптоактивдерге инвестиция салуунун тобокелчиликтери тууралуу маалымат алууга милдеттүү болот.