АКШ менен Сауд Арабиясынын ортосундагы тынчтык атом энергиясы жаатындагы кызматташтык боюнча келишим дээрлик жыйырма жылга жакын убакыттан бери даярдалып, бирок кол коюлгандан көп өтпөй коркунучка кептелди.
АКШ президенти Дональд Трамп келишим Эр-Рияд Авраам келишимдерине кошулганда гана ишке ашарын билдирген, деп жазат CNN.
Телеканалдын маалыматы боюнча, Трамптын бул билдирүүсү АКШ администрациясында да, Сауд Арабиянын өкүлдөрүнүн арасында да түшүнбөстүктөрдү жаратты. АКШ президенти ошондой эле бул макулдашуу падышалыкка уранды байытууга жол ачат деген божомолдорду четке какты.
Трамп журналисттерге бул маселени документти даярдоого катышкан Энергетика министри Крис Райт менен талкуулабаганын айтты. Президенттин айтымында, башында бардык тараптар Сауд Арабиянын Израил менен мамилесин нормалдаштырмайынча келишим түзүлбөй турганын билишкен.
Ошол эле учурда АКШнын Энергетика министрлиги бардык аракеттер Ак үй жана Мамлекеттик департамент менен макулдашылган деп ырастоодо.
CNN булактары Ак үй Энергетика министрлигинен келишим жөнүндө жарыя кылбоону суранганын, бирок Райт аны коомчулукка жарыялаганын ырасташууда.
Трамптын айрым жардамчылары келишим толугу менен аткарылган эмес деп эсептешет, анткени керектүү документтер Конгресстин кароосуна жөнөтүлө элек.






