Социалдык тармактарда Тоо-Ашуу ашуусунда болгон окуя тууралуу видеолор тарады. Кадрларда фургон тоонун капталынан кулап түшүп, тоонун этегинде талкаланып калганы жана анын ичиндеги жүктүн жерге чачылып кеткени көрүнөт.
Nomad медиасынын алдын ала маалыматы боюнча, бул авария бүгүн болуп кеткен. Учурда окуянын кесепеттери жана жабырлануучулардын бар-жогу такталып жатат.






