Бишкек шаарында 2026-жылдын 1-июлунан тарта коомдук транспортто төлөмдү көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер башталат. Муну муниципалдык «Бишкек шаардык транспорт» ишканасы уюштурат.
Рейддер учурунда контролёрлер жүргүнчүлөрдүн карта же QR-код аркылуу төөлөгөндүгүн жана төлөмдү тастыктаган кагаз же электрондук чек бар экендигин текшерет.
Бишкек шаардык транспорт ишканасы бардыгын төлөмдү убагында жасап, чек сактап турууну суранат. Эгерде жүргүнчү акысын төлөбөсө, анын үстүнө мыйзам боюнча 1000 сомдон айып салынат.
Бул чаралар борбор калаада жүргүнчүлөрдүн коомдук транспорттогу төлөм үрдүнүзүн жакшыртууга багытталган.




