ГТФ таэквондо федерациясы спортчулар жана тренерлер үчүн атайын иштеп чыккан мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул тууралуу уюмдун өзүнөн билдиришти.
Тиркеме спортчулардын жана алардын ата-энелеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге, машыгуу процессин жана турнирлерди башкарууну санариптештирет.
Спортчулар жана ата-энелер үчүн мүмкүнчүлүктөр
- машыгуулардын расписаниеси, келүү тарыхы жана кийинки машыгууга чейинки убакыттын эсеби
- QR-код менен кирүү үчүн электрондук карта, федерация мүчөлүгү жана курама командадагы статус
- камп (аттестация) программасы, хьенгилер жана жыйынтыктар
- турнирлерге катталуу, билдирмелердин статусу, торчолор жана реалдуу убакыт режиминдеги жыйынтыктар
- клуб ичиндеги медалдар, рейтингдер жана тажрыйба (XP)
- машыгуулардын, мүчөлүк жана турнирдик төлөмдөрдү төлөө
- медициналык уруксаттар жана онлайн макулдуктар
- бир аккаунтта бир нече баланы башкаруу
Тренерлер жана казылар үчүн функциялар
Тренерлер үчүн тиркеме машыгууларга келгендерди QR-код же тизме аркылуу интернетсиз эле тез арада белгилөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, тренерлер бүтүндөй топтун маалыматтарын бир экрандан көрүп, окуучуларга бир доон менен макталдарды жөнөтө алышат.
Турнирлерди өткөрүүчүлөр жана казылар үчүн Kalys Lite башкаруу пультү киргизилген. Бул курал аркылуу казылар упайларды, эреже бузууларды жана күрөш убактысын мобилдик телефон аркылуу башкара алышат.
Федерация үчүн башкаруу
- өлкөнүн курама командасынын курамы жана эл аралык турнирлерге тандоо
- аттестацияларды жана кирүү уруксаттарын техникалык директордун көзөмөлү астында жүргүзүү






