АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын (ЦРУ) мурдагы кызматкери Дэвид Раш мамлекеттик каражатты 200 миллион долларга жакын алдамчылык жолу менен өздөштүргөнүн мойнуна алды. Бул тууралуу TRT телеканалына шилтеме берип Knews.kg жазды.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 49 жаштагы Раш жасалма келишимдерди жана кыймылсыз мүлк менен жасалган бүтүмдөрдү колдонуп, мамлекеттик каражатты мыйзамсыз чыгашып алган. Ал сот менен келишим түзүп, мамлекетке компенсация төлөөгө жана кылмышка байланыштуу элиталык кыймылсыз мүлктү, унааларды, сааттарды жана башка активдерди өткөрүп берүүгө милдеттенди.

Мындан тышкары, Раш чет өлкөнүн өкүлүнө жашыруун маалымат бергенин да мойнуна алды. Прокурорлордун айтымында, бул АКШнын улуттук коопсуздугуна «олуттуу зыян» келтириши мүмкүн эле.

Айыптоо өзгөртүлдү

Адегенде Рашка мамлекеттик каражатты уурдоо боюнча айып тагылган, бирок кийинчерээк ал электрондук байланыш каражаттарын колдонуу менен алдамчылык кылуу беренеси боюнча күнөөсүн мойнуна алды. Анын үйүн тинтүү учурунда 298 алтын куйма табылган.

Ал өз кызматын кыянаттык менен пайдаланып, коомдун ишенимин сатты
ЦРУнун директору Жон Рэтклифф

ФБРдин маалыматы боюнча, 2025-жылдын ноябрынан 2026-жылдын мартына чейин Раш «жумуш чыгымдары үчүн» деген шылтоо менен чет өлкө валютасын жана ондогон миллион долларлык алтын куймаларды бир нече жолу сураган.

Сот документтеринде көрсөтүлгөндөй, Раш Түштүк Флоридадагы элиталык кыймылсыз мүлктү сатып алууну актоо үчүн жок, өтө жашыруун программаны ойлоп тапкан. Ал бул мүлктү кийин жеке пайда алуу үчүн кайра сатууну пландаган.

Иштин негизги көрсөткүчтөрү

200миллион доллар — мамлекеттик каражатка келтирилген зыян
298алтын куйма — үйүн тинтүүдө табылган
49жаш — Дэвид Раштын курагы