Өкмөт тарабынан киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, Мамлекеттик таможня кызматынын башчысы коомдук кеңешчилерди дайындоого жана боштоого укуктуу болуп калды.

Кеңешчилер катары Кыргызстандын жарандары гана эмес, чет элдиктер да иштесе болот. Алар бюджеттик төлөмсүз, коомдук негизде кызмат өтөшөт.

Кеңешчилердин иштөө тартиби жана эрежелери таможнянын жетекчиси тарабынан өзүнчө жобо менен бекитилет.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, бул өзгөрүүлөр мамлекеттик органдагы иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана оптималдаштыруу максатында жасалган.

Жаңы жобо расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.