Сулюкте 73 жаштагы Павел Коширевдин сөөгү табылды. Ал Н.Отбасаров көчөсүндө жашачу жана 1-июлда өз үйүнөн чыгып кеткенден бери дайынсыз болчу.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, 3-июлда Коширевдин уулу милицияга кайрылып, атасы жоголгону боюнча билдирген.

Издөө иштеринин натыйжасында, 8-июлда, Сулюктунун Боконбаев айылынан түштүк тараптагы талаадан анын сөөгү табылган.