Стамбул шаарындагы Аксарай районунда эки кыргызстандык аялдын ортосунда чыр-чатак чыгып, анын кесепетинен бир кыргызстандык аял каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Баш консулулу тарабынан билдирилди.
Маалыматка ылайык, чыр-чатак учурунда аялдардын бири экинчисине бычак менен сокку урган. 1991-жылы туулган Н. А. өлүмгө алып келген жаракат алган. Окуя болгон жерден экинчи кыргызстандык жаран кармалып калган.
Учурда Турциянын укук коргоо органдары окуянын тегерегинде тергөө иштерин жүргүзүүдө. Консулдук кызматкерлер болсо кырдаалдын чоо-жайын аныктоо үчүн Турциянын милициясы жана эки жарандын туугандары менен байланышта болуп жатышат.
Каза болгон аялдын денеси ата мекенге жөнөтүлдү.










