SpaceX компаниясы Super Heavy ракета-ташыгычын Starship космос кемесинин прототиби менен 13-сыноо учуусуна чыгарды. Учуруу 24-июлда АКШнын Чыгыш жээк убактысы боюнча саат 18:51де, Бишкек убактысы боюнча 25-июлда саат 04:51де Техас штатындагы Starbase космодромунан болду.

Учуу болжол менен бир саатка созулган. Бул убакыттын ичинде SpaceX биринчи жолу Starship'тин жүк бөлүмүнөн Starlink V3 версиясындагы 20 жасалма спутникти чыгарды. Алар болжол менен 20 мүнөттөн кийин атмосферага киргенде план боюнча күйүп кеткен.

Сыноо учурунда компания ошондой эле кеменин жылуулуктан коргоочу калканынын абалын жана Raptor кыймылдаткычтарын кайра иштетүү механизмин текшерди.

Тездеткич Super Heavy бөлүнгөндөн кийин Мексика булуңуна конду. Конуу маневри учурунда бардык кыймылдаткычтарды талаптагыдай иштете алган жок.

Ал эми Starship кемеси Индия океанына конуу менен учууну аяктады.

SpaceX Starship көп жолу колдонулуучу космостук системасынын үчүнчү муунун сыноолорун улантууда.