Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргыз Республикасына мамлекеттик иш сапарынын алкагында эки өлкөнүн мамилелерин союздук деңгээлге көтөрүүдөгү маанилүү кадамдар тууралуу айтты.
Ал Кыргызстандагы коштоочуларга ыраазычылык билдирип, эки мамлекет ортосундагы кызматташтык жаңы баскычка көтөрүлүп жатканын белгиледи.
Мирзиёев эки өлкөнүн товар жүгүртүү көлөмү акыркы жылдары дээрлик он эсеге көбөйгөнүн, азыр 1,2 миллиард доллардан ашканын айтты. Мындан ары жалпысынан 3 миллиард долларга жеткирүү максат коюлду.
Ошондой эле энергетика, электротехника, фармацевтика, айыл чарбасы жана текстиль тармагында биргелешкен жаңы долбоорлор макулдашылганын, андан сырткары, чийки заттарды биргелешип казуу боюнча пландар бар экенин белгиледи.
Бул долбоорлорду колдоо максатында биргелешкен өнүктүрүү фондунун мүмкүнчүлүктөрү активдүү пайдаланылат.
Президент Мирзиёев Кыргызстандагы экономиканын туруктуу өсүшү жана элдин турмуш шарттарынын жакшырганын кубаттады, өлкөдөгү чоң курулуштар жана жаңы өндүрүш объектилерин баса белгиледи.


