Кыргызстанда сентябрь айында 40-50 жаңы өндүрүш ачылышы күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 13-августта журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди.
2026-жылдын аягына чейин жалпы 100 өндүрүш ачууну жоспарлап жатышат. Учурда сентябрда отуздан көп эмес 40-50 объектти бир убакта иштетүүгө даярданышууда.
Жапаровдун айтымында, 12-сентябрда Таласта эгемендүүлүк күнүн белгилөө менен бирге бир өндүрүштү жеринде ачышат, калган көптөгөн объектилер онлайн режиминде ишке киргизилет.
Өлкө жетекчилиги экономиканы өнүктүрүүдө өнөр жай сектору жана туризмге өзгөчө басым жасап жатат. Президент туризм өлкөнүн ички дүң продукциясына чоң салым кошо аларын белгиледи.
Мындан тышкары, курулуш тармагынын өсүү чеги бар экенин эскерткен Жапаров, келечекте кирешени негизинен өндүрүш жана туризм аркылуу кепилдендирүү керектигин айтты.











