Сары-Челек корукчулук аймагында жаңы КППнын негизине капсула салынды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Табигатты коргоо министрлиги маалымдады.
Жаңы көзөмөл пунктунун курулушу коруктка кирүүгө көз салууну күчөтүп, туристтердин сапарын уюштуруу иштерин жакшыртат. Муну менен коруктун коопсуздугу кармоого алынса, келүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөт.
Иш-чаранын кийинки бөлүгүндө адистер Сары-Челек коругунун өнүгүү перспективалары жана жаңы долбоорлор тууралуу пикир алышты.






