Санкциялык саясат пландан тышкаркы салык текшерүүсүнө негиз болушу мүмкүн. Мындай жобо Министрлер Кабинети тарабынан Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна киргизилди.
Жогорку Кеңештин депутаттары 28-октябрда аталган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.
Учурдагы Салык кодексинде пландан тышкаркы көчмө текшерүүлөрдүн негиздери 117-берене менен жөнгө салынат.
Министрлер Кабинети Салык кызматына «санкциялык саясатты ишке ашыруу максатында экономикалык же финансылык туруктуулукка коркунучтар бар экени тууралуу» мамлекеттик органдан түшкөн маалыматты жаңы негиз катары кароону сунуштады.
Документтен
Санкциялык саясатты ишке ашыруу максатында экономикалык же финансылык туруктуулукка коркунучтар бар экени тууралуу мамлекеттик органдан түшкөн маалымат пландан тышкаркы текшерүүгө негиз болот.
Бул өзгөртүү салык органдарына санкциялык чектөөлөр менен байланышкан тобокелдиктерге ыкчам реакция кылууга мүмкүнчүлүк берет.

















