Финансы министрлиги тарабынан 2026-жылга каралган такталган республикалык бюджеттин долбооруна ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлигине төрт суперкомпьютер сатып алуу үчүн 160 миллион сом бөлүндү. Бул маалымат министрликтин түшүндүрмө катта көрсөтүлгөн.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, бул каражаттар «санариптик экономиканы» өнүктүрүү, жасалма интеллект технологияларын иштеп чыгуу, жаңы социалдык-экономикалык жана саясий реалдуулуктарга ыңгайлашуу жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн бөлүнөт.

Конкурстун тарыхы

Буга чейин, 2025-жылдын июль айында Санариптик өнүктүрүү министрлиги ушундай эле жабдууларды сатып алуу боюнча конкурс өткөргөн. Ал кезде NVIDIA Н200 графикалык тездеткичтеринин негизинде 4 жогорку өндүрүмдүүлүктөгү эсептөө түйүндөрүн сатып алууга 215,7 миллион сом пландалган.

Бирок анда бардык сунуштар четке кагылып, сатып алуу ишке ашпаган деп табылган. Сентябрь айында өткөрүлгөн кайрадан конкурсдун жыйынтыгында 160 миллион сомдук контракттын жеңүүчүсү аныкталды. Жабдуулар 2026-жылдын февраль айынын экинчи он күндүнө чейин жеткирилиши керек.

Жабдуулардын максаты

Министрликтин техникалык тапшырмасына ылайык, NVIDIA Н200 моделдери жасалма интеллект үчүн улуттук инфраструктура түзүүгө зарыл. Бул ресурстар төмөнкү тармактарда чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштетүүгө жана маселелерди чечүүгө кызмат кылат:

  • Укук коргоо тармагы
  • Билим берүү жана саламаттыкты сактоо
  • Киберкоопсуздук
  • Кыргыз тилин өнүктүрүү
  • Статистика