Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 7-июлда Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен жолугушуп, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири маселелери боюнча пикир алмашышты. Садыр Жапаров Пакистандын түштүк Азиядагы приоритеттүү өнөктөш экенин баса белгиледи.
Президент Жапаров учурдагы кызматташтыкты жогору деңгээлге чыгаруу максатында саясий диалогду активдештирүү жана соода-экономикалык байланыштарды арттыруунун маанилүүлүгүн айтып өттү.
Ал бизнес-форумдар, көргөзмөлөр жана B2B форматындагы жолугушууларды туруктуу өткөрүү зарылдыгын белгилеп, халал-өнөр жайы, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, логистика, туризм, энергетика жана өнөр жай тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.
Пакистандын президенти Асиф Али Зардари эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары да кеңейтүү кызыкчылыгын билдирди.













