Международдык рейтинг агенттиги S&P Global Ratings Кыргыз Республикасынын Өнүгүү мамлекеттик банкынын узун жана кыска мөөнөттүү кредиттик рейтингдерин биринчи жолу «B+/B» деген деңгээлде ыйгарды. Узун мөөнөттүк рейтингге «Туруктуу» деген прогноз берилди.

Бул рейтинг банктын институттук өнүгүүсүндөгү маанилүү кадам болуп саналат жана Кыргыз Республикасы өкмөтүнүн улуттук өнүктүрүү институттарын бекемдөө жана инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу боюнча туруктуу ишинин натыйжасы.

Рейтинг жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, эл аралык каржылык институттардан, өнүктүрүү банктарынан жана чет элдик өнөктөштөрдөн узак мөөнөттүү каражаттарды ачыкталган жана атаандаштык шарттарда алууга жол ачат. Муну менен өлкөнүн артыкчылыктуу долбоорлорун каржылоо көлөмдөрү өсөт.

Ранее по темеТажикстан менен чек арадагы алмашылган айылдардагы турак жай боюнча тартип түшүндүрүлдү
«S&P Global Ratings берген рейтинг — бул Өнүгүү мамлекеттик банкынын туруктуулугу жана ишенимдүүлүгү үчүн маанилүү таануу. Бул Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн эффективдүү улуттук өнүктүрүү институтун түзүү боюнча системалуу иштеринин жыйынтыгы болуп саналат.»