Россияда эмгек мигранттары катары иштеген кыргызстандыктардын балдары милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) полистерин алууда кыйынчылыктарга туш болушууда. Бул тууралуу Калининграддагы кыргыз диаспорасынын төрагасы Кажыбек Усупов «Биринчи радиодо» айтты.
Анын айтымында, Кыргызстандын расмий иштеген жарандары ОМС тутуму аркылуу медициналык жардам ала алышат, бирок бул кепилдиктер алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө автоматтык түрдө жайылтылбайт.
Эмгек келишими боюнча биздин жарандарга камсыздандыруу акысыз берилет, бирок балдарга жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө аны бербей жатышат.
Диаспора өкүлү кыргызстандык үй-бүлөлөр балдарын Россиянын мектептерине жана бала бакчаларына орноштурууда да кыйынчылыктар жаралып жатканын белгиледи. Бул маселелер диаспора өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттары менен болгон жолугушууларда көтөрүлгөн жана кыргыз тарап мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн шарттарды жакшыртууну көздөп жатат.
Медициналык камсыздандыруу маселеси мурда мамлекеттер аралык деңгээлде да талкууланган. 2026-жылдын январь айында Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) Судуна эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн камсыздандыруу боюнча келишимдин жоболорун түшүндүрүп берүү өтүнүч менен кайрылган.
2-мартта сот консультативдик корутунду чыгарган. Анда келишимде каралган социалдык кепилдиктер тастыкталганы менен, мигранттардын бардык үй-бүлө мүчөлөрүнүн Россиянын ОМС полистерин алууга автоматтык укугу бар экени аныкталган эмес.







