Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москванын жана Подмосковьянын миграциялык каттоо эрежелеринде өзгөрүүлөр жаралын билдирди.
2023-жылдын 1-сентябрынан баштап, орус бийликтери чет өлкөлүк жарандарды «Амина» аттуу мобильдик тиркеме аркылуу каттоого алуу талабын кеңейтти.
Жаңыланган эрежеге ылайык, 18 жаштан жогоркулар төмөнкү категориялар боюнча милдеттүү каттоого алынат:
- Москва жана Подмосковьядагы окуу жайларда күндүзгү жана кече бөлүмүндө окуган студенттер
- Аймакта эмгек кылган чет өлкөлүк жарандардын үй-бүлө мүчөлөрү
- 90 күндөн ашык мөөнөткө жеке, туристтик же башка максат менен келгендер
18 жашка жетпеген жарандар бул талаптардан чыгарылган. Кыргызстандын Эмгек министрлиги өз элдештери тиркемени алдын ала орнотуп, каттоодон өтүүнү сунуштайт.
Кеңеш алуу үчүн министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгү дайындалган, дареги: Малая Полянка көчөсү, 7-үй, 5-кабат. Телефон номурлары: +7 (996) 968-98-97, +7 (925) 030-26-27.







