Россияда эмгек мигранттары үчүн жаңы салыктык эрежелер киргизилүүдө. Федерация Советиндеги өкмөт саатында Ички иштер министри Владимир Колокольцев 2027-жылдан баштап мигранттардын өлкөгө келген ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн кошумча салык төлөй турганын айтты.

Биз эмгек мигранттарынын өзүнүн иштебеген туугандарын Россияга алып келүү мүмкүнчүлүгүн финансылык жактан чектөөчү мыйзамды кабыл алууну демилгеледик. 2027-жылдан баштап келген ар бир үй-бүлө мүчөсү үчүн кошумча салык салуу күчүнө ээ болот.
Владимир Колокольцев, РФ Ички иштер министри

Министрдин айтымында, бул чара социалдык тармактагы жүктү азайтууга багытталган. Ошондой эле, Россияда жашаган чет элдик жарандар мамлекет тарабынан берилген мүмкүнчүлүктөрдү салык төлөө аркылуу каржылоого катышуусу керек.

20%үй-бүлө мүчөлөрүнүн азайышы
7 млнчет элдиктердин саны
10%келүүчүүлөрдүн азайышы

Колокольцевдин маалыматы боюнча, өткөн жылдан бери мигранттардын иштебеген жана окубаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны 20 пайызга азайган. Ал эми 2026-жылдын тогузунчу айына чейин Россияга болжол менен 7 миллион чет элдик кирген, бул 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу дээрлик 10 пайызга аз.