Республикалык психиатрия жана наркология борбору өз социалдык баракчасында акы төлөнүүчү медициналык кызматтардын жаңы бааларын жарыялады.
Дарыгер-психиатр тарабынан айдоочулук күбөлүк, куралга уруксат берүү, жумушка орношуу же окууга кабыл алуу үчүн медициналык кароо баасы 377 сом деп белгиленди.
Ошондой эле бул максаттар үчүн наркологиялык экспертизанын баасы 475 сомго көтөрүлдү.
Синдромду басаңдатуу дарылоо акысы анонимдүү бөлмөдө бир койко-дөнгө 2 067 сом, ал эми анонимдүү стационардык шартта 1 876 сомду түзөт.
Бирок дарылоону жагымдуу шарттарда жүргүзүүнү каалагандарга №3 бөлүмүнүн жогорку комфорттук палаталары сунушталат. Бир кишиге ылайыкталган палатанын бир күндүк баасы 1 323 сом, эки кишиге ылайыкталганы – 662 сом, ал эми үч орундуу палата – 441 сомду түзөт.
Баалардын тизмеси
















