Президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда Молдовановка айылындагы канализация маселесин чечүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын айыл тургундарынын суроолоруна берген жообунан белгилүү болду.

Жолугушууда Молдовановканын тургуну айылда канализация системасы жоктугун айтып, көмөк сурады. Ал эки-үч кабаттуу үйлөр бири-бирине жакын жайгашканын, ошондуктан ар бир үйгө өзүнчө септик куруу маселени чечпей турганын белгиледи.

Мындан тышкары, Молдовановкадагы бүт жер Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын балансында экенин, ошондуктан айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерди куруу мүмкүнчүлүгү чектелгенин кошумчалады.

Айыл тургунунун айтымында, канализация системасынын долбоору даярдалып, мамлекеттик экспертизадан өткөн. Бирок ылайыктуу жер тилкеси жок болгондуктан, тазалоочу курулмаларды курууга мүмкүн болгон эмес.

Учурда Молдовановкадагы колониянын аймагында жаңы аскер бөлүгү жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвойлоо департаментинин имараттары курулуп жатканы маалым болду. Бул долбоордун алкагында тазалоочу курулмаларды куруу да каралган, бирок алардын кубаттуулугу кызматкерлердин муктаждыктарына гана эсептелген.

Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тазалоочу курулмалардын долбоорун айыл тургундарынын муктаждыктарын эске алуу менен кайра иштеп чыгууга даяр экенин билдирди. Бул үчүн кубаттуулукту жогорулатуу жана кошумча каражат талап кылынат.