Польшада премьер-министр Дональд Тусктун өкмөтү менен президент Кароль Навроцкийдин ортосундагы тирешүү Конституциялык трибуналдын тегерегинде курчуп кетти. Бул тууралуу DW маалымат таратты.

Варшавада Конституциялык соттун алдына нааразылык билдиргендер чогула баштады. Ага чейин Конституциялык трибуналдын судьясы Анна Корвин-Пиотровска трибуналдын төрагасы Богдан Свенчковскийди жана анын орун басары Бартоломей Соханьскийди милдетинен четтетүү чечимин чыгарган. Анын айтымында, бул эки кишинин айынан трибунал чечим кабыл ала алган эмес.

Соттун алдындагы кагылышуулар

Чечимден кийин Конституциялык соттун алдына демонстранттар чогулуп, аймакка укук коргоо органдарынын кызматкерлери келишкен. Кагылышуулар башталып, судья Богдан Свенчковский менен «Укук жана адилеттүүлүк» партиясынын лидери Ярослав Качиньский трибуналдын имаратына кирүүгө аракет кылышкан, бирок полиция аларды өткөрбөй койгон.

Трибуналда Дональд Тусктун «Жарандык платформа» партиясы менен консервативдүү «Укук жана адилеттүүлүк» партиясы дайындаган судьялардын ортосунда талаш-тартыш узак убакыттан бери уланып келет.

Польшанын президенти Кароль Навроцкий чет өлкөдөгү сапарын үзүп, өлкөгө кайтып келе жатат. Ал болуп жаткан окуяларды «мамлекеттик төңкөрүш» деп атады. «Укук жана адилеттүүлүк» партиясы да бул окуяларды Конституциялык трибуналга кол салуу катары баалады.

Бул — мамлекеттик төңкөрүш
Польшанын президенти Кароль Навроцкий болуп жаткан окуяларга байланыштуу билдирди

Ал эми Тусктун өкүлдөрү Навроцкий да, консерваторлор да судьялардын ишин бөгөттөө менен конституциялык тартипти өздөрү бузду деп билдиришти.