Кытайдын Өнүгүү жана реформалоо боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчиси Чжэн Шаньцзе ички суроо-талаптын төмөндүгү өлкө экономикасынын негизги көйгөйлөрүнүн бири экенин белгиледи. Бул тууралуу ведомствонун билдирүүсүндө айтылган.
6-ноябрда Чжэн Шаньцзе беш ири жеке компаниянын жетекчилери менен жолугушуп, өлкөдөгү экономикалык кырдаалды жана 2027-жылга карата бизнес үчүн колдоо чараларын талкуулады.
Тышкы шокторго, суроо-талаптын төмөндүгүнө карамастан сунуштун күчтүү болушуна сыяктуу реалдуу кыйынчылыктар менен бетме-бет келишибиз керек.
Комитеттин жетекчисинин айтымында, бийлик жеке инвестицияларды стимулдаштырууну, ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну тездетүүнү жана экономиканын абалын көзөмөлдөөнү күчөтүүнү пландаштырууда. Ошондой эле кошумча колдоо чараларын алдын ала даярдоо максаты коюлган.
Кытайдын Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2026-жылдын алгачкы тогуз айында чекене сатуулар өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу болгону 1,1%га гана өскөн.
Экономиканын өсүшү (жылдык көрсөткүч боюнча)3 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч %4,3% %
Жолугушууга Hengyi жана Yulong мунай-химия компанияларынын, TCL электроника өндүрүүчүсү, Twins Group агрохолдинги жана Power Diamond өтө катуу материалдарды чыгаруучу компаниясынын жетекчилери катышты.
Бизнес өкүлдөрү жеке компаниялардын каржылоого жана энергия ресурстарына жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүнү, ошондой эле ашыкча жана жоопкерсиз атаандаштыкка каршы чараларды көрүүнү суранышты.







