Ташкент шаарында жайгашкан адам укуктарын коргоо коомдук уюмунун жетекчиси Абдурахман Ташанов Facebook тармагындагы баракчасында бул тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, сот процессинде Ёзиев менен бирге МККнын мурдагы бир катар жогорку кызматкерлери да айыпталуучулар катары отурушууда.
Абдурахман Ташановдун маалыматы боюнча, учурда аскердик сот МККнын өзүнүн коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын мурдагы кызматкерлеринин ишин карап жатат. Бул бөлүмдү мурда Гайратилло Ёзиев жетектеген.
Айтылган кызматкерлер Кылмыш-жаза кодексиндеги коррупциялык беренелер боюнча кармалган. Айыпталуучулардын саны 8дан 9га чейин жетиши мүмкүн.
Тергөө иштерине тааныш болгон булактын маалыматына ылайык, генерал Гайратилло Ёзиевге Кылмыш-жаза кодексинин 301-беренеси боюнча айып коюлган. Бул берене бийликти кыянаттык менен колдонуу, бийликти ашыкча колдонуу же аракетсиздик үчүн жоопкерчиликти караштырат.
Ошондой эле Ёзиевге кеминде дагы эки берене боюнча айып коюлган. Алардын бири экономикалык кылмыштардын тизмесине кирген 168-берене (алдамчылык) болуп саналат.







