Бириккен демократиялык кыймыл 2027-жылы өтө турган президенттик шайлоого катыша турганын расмий билдирди. Бул тууралуу уюмдун пресс-релизинде айтылат.

Төрт талапкердин тизмеси

Уюм төрт ысымды сунуштады. Алардын баары кыргыз тилин билүү боюнча тесттен ийгиликтүү өтүштү, деп айтылат билдирүүдө.

  1. Мамбетжунус Абыловмурдагы БШК төрагасы жана экс-ӨКМ министри
  2. Кеңешбек Дүйшебаевэкс-МКК төрагасы
  3. Бектур АсановЖогорку Кеңештин мурдагы депутаты жана губернатор
  4. Перизаткан Сурановакоомдук активист

Бирдиктүү талапкердин ким болору али чечиле элек. Уюм бул маселени кийинчерээк карай турганын билдирди.

Шайлоого карата пландар

Кыймылдын билдирүүсүндө 2027-жылдагы шайлоого даярдык көрүү иштери башталганы баса белгиленген. Бирок талапкерди тандоо процессинин чоо-жайы ачыкталган жок.