Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы талаш-тартыштар азайып, көп жылдар бою чечилбей келген чек ара маселелери тынчтык жолу менен жөнгө салынды. Бул тууралуу коопсуздук боюнча форумдун алкагында ОДКБнын башкы катчысы Таалатбек Масадыков билдирди.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ар кандай чыр-чатактарды күч колдонуу менен эмес, сүйлөшүү столдорунда чечүү керектигин айтты. Ал мисал катары Өзбекстан жана Тажикстан менен түзүлгөн макулдашууларды келтирди.

Ошондой эле министр терроризм, киберпреступдүүлүк жана башка коопсуздукка коркунуч келтирген факторлор менен биргелешип күрөшүү зарылчылыгын белгилеп өттү.