Бүгүн, 21-ноябрда, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында залкар комузчу Ныязаалы Борош уулунун күүлөрү жаш аткаруучулардын колу менен жаңырып, улуу мурастын муундан муунга өткөнүн көрсөттү.
Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө артыкчылыктуу сыйлыктар жана байгелер берилди. Иш-чарага Жогорку Кеңештин Төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев, сынакты өткөрүү демилгесин көтөргөн депутат Гүлшаркан Култаева жана депутат Бурул Аманова катышты.
Медербек Алиев сөз сүйлөп, Ныязаалы Борош уулунун музыкалык мурасын бүгүнкү күнгө чейин жеткирүүгө чоң салым кошкон Ильгиз Гилязетдиновго, Тынчтыкбек Нурманбетовго жана Намазбек Уралиевге ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле маданият тармагында эмгек сиңирген инсандар Жогорку Кеңештин медалдары жана Ардак грамоталары менен сыйланды. Сыйлыктар төмөнкү адамдарга берилди:
- А. Намазалиев — Жогорку Кеңештин медалы
- М. Мамаджанова — Ардак грамота
- Тасмабек уулу Болотбек — Ардак грамота
- Нурай Шарабидин кызы — Ардак грамота
Ныязаалы Борош уулунун күүлөрү кыргыз маданиятында өчпөс из калтырып, элибиздин руханий байлыгына айланганы менен, улуу комузчунун мурасын сактап келген устаттарга терең ыраазычылык билдиребиз.























