NASAнын «Вояджер-1» космос зонду Жерден өтө алыс аралыкта туруп, маалымат берүүнү токтотту. Азыркы учурда аппарат эч кандай маалымат камтыбаган «ташуучу сигналды» гана жиберүүдө. Бул үзгүлтүксүз радиосигнал кадимкиде аспаптар тарабынан чогултулган маалыматтарды камтышы керек болчу.
NASA адистери маселени 14-ноябрда аныкташкан. Бул тарыхый рекордго чейин беш күн калганда болгон. Азыркы учурда адистер байланышты калыбына келтирүү үчүн иш алып барышууда, бирок аппараттын өтө алыс жайгашкандыгынан улам процесс абдан узак убакытты талап кылууда.
Космос аппаратына жөнөтүлгөн ар бир буйрук ага 24 сааттын ичинде жетет, ал эми Жердеги миссия командасы жооп алуу үчүн дагы бир сутка күтүшү керек.
Мүчүлүштүктүн себептери
Адистердин болжолу боюнча, маселе борбордук компьютердин иштебей калышынан келип чыккан. Бул компьютер 2023-жылы да иштебей калган эле. Ошол учурда адистер көйгөйлүү чипти кодду аткаруудан чыгаруу менен, аппараттын ишин калыбына келтиришкен.
- 2023-жыл
Борбордук компьютердин ишинде мүчүлүштүк болгон жана ал калыбына келтирилген
- 14-ноябрь
NASA маселени аныктаган
- 18-ноябрь 2026-жыл
Аппарат Жерден бир жарык күн аралыктагы 25,9 миллиард километр аралыкты ашып өткөн



