Министрлер Кабинети бюджеттик мекемелердин атайын эсептеринде топтолгон каражаттарды кайтарылуу негизинде убактылуу алуу тартибин бекитти. Бул чечим республикалык бюджеттин кошумча чыгымдарын жабуу үчүн колдонулат.
Каражаттарды милдеттүү түрдө алуу төмөнкү эки шарт бир убакта аткарылганда жүргүзүлөт:
- Ай отчеттук жылдын башындагы атайын эсептеги калдык мурунку эки финансылык жылдагы орточо түшүүлөрдүн 50%дан ашык болсо
- карыздын көлөмү 1 миллиард сомдон ашса
Эгерде бул критерийлер канааттандырылбаса, анда каражаттарды бюджеттик каражаттарды бөлүп берүүчү башкы тейлөөчү менен макулдашуу аркылуу алууга болот. Мында калдыктын 50%дан ашпаган суммасы гана алынышы мүмкүн.
Каражаттарды эсептөөдө төмөнкү максаттар үчүн бөлүнгөн акчалар эске алынбайт:
- Корголгон чыгымдар боюнча беренелер
- келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу жана бекитилген сатып алуулар
- грантар жана долбоордук каражаттар
- кредитордук карыздарды жабуу







